Биз менен байланышыңыз

Футзал: «EREM» клубу Өзбекстандын чемпиону менен беттешке чыгат

Кыска кабар , Спорт | 19 Июл 2019 | 611 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасынын чемпиону Оштун «EREM» клубу эртең, 20-июлда Ташкентте Өзбекстандын чемпиону Алмалыктын «АГМК» командасы менен жолдоштук беттешке чыгат. Оюн 2019-жылдагы Азиянын клубдар аралык чемпионатына даярдыктын алкагында өтүп жатат. Бул тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов билдирди.

Кечээ «EREM» Өзбекстандын вице-чемпиону «Локомотив» менен жолдоштук беттеш куруп, 7:1 эсебинде жеңип алды.

«Азиянын Чемпиондор Лигасына карата окуу-машыгуунун үчүнчү бөлүгү 10 күнгө созулат. Анда техникалык-тактикалык даярдыктарды арттыруунун үстүндө иштейбиз. Бул максатта жолдоштук беттештер каралган. Алдын ала пландар боюнча жолдоштук беттештер күн алыс болот», — дейт Данияр Абдраимов.

Эске сала кетсек, 27-июнда футзал боюнча Азиянын клубдар аралык чемпионатына чүчүкулак тартылып, «EREM» клубу «А» тайпасына түшкөн. Анын жыйынтыгы менен «EREM» Thai Port FC (Таиланд), Shenzhen (Кытай) жана Star FS Seoul (Корея) командалары менен тайпада күч сынашат.

Copyright © 2017 Maral FM