Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга кореялык Инха университетинин филиалы ачылат

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 905 | 0

Кыргызстанга Түштүк Кореядагы Инха университетинин филиалы ачылат. Бул тууралуу Инха университетинин эл аралык мамилелер факультетинин башчысы, профессор Ким Жин Хо «Марал» радиосуна берген маегинде айтты. Ага ылайык, окуу жай өзүнчө курулушу да мүмкүн. Же болбосо кайсы бир окуу жай менен кызматташуусу да ыктымал.

— Учурда бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Азырынча чечиле элек. Алгачкы окутууну IT тармагынан баштайлы деп турабыз.

Белгилей кетсек, Инха Кореядагы алдыңкы 10 окуу жайдын бири болуп саналат. 2014-жылы Өзбекстанга филиалын ачкан.

Copyright © 2017 Maral FM