Биз менен байланышыңыз

Солтон-Сары: Өлгөн койдун этин республикалык ветеринардык лаборатория текшерет

Кыска кабар | 18 Июл 2019 | 582 | 0

Солтон-Сары жайлоосунда мал өлүп жатат деген маалымат Нарын райондук Ветеринардык, фитосанитардык жана коопсуздук боюнча инспекциясына 8-июлда келип түшкөн. Бүгүнкү күнгө чейин аталган жайлоодо 22 козу өлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык, фитосанитардык жана коопсуздук боюнча инспекциясынын өкүлү Кумар Исаков билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жердеги 2 козунун эти Нарын аймактык лабораториясында текшерилип, мышьяк, нитрат бар деген аныктама берилген. Андан кийинки өлгөн 2 койдун эти Республикалык ветеринардык лабораторияга алынып келинип текшерилген. Алдын ала маалымат боюнча, эч кандай уулануу болгон эмес.

Кошумчалай кетсек, аталган жайлоону эки айыл өкмөттүн 27 малчысы жайлайт. Бүгүнкү күндө бул жайлоодо жугуштуу ылаң бар экени аныкталган эмес.

Ошондой эле, өлгөн койлордун баары бир короодон чыккан жана жалаң эркек козулар болгон.

Анализдин жыйынтыктары боюнча толук маалымат жакынкы күндөрү берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM