Биз менен байланышыңыз

Солтон-Сары: Өлгөн малды Өкмөт төлөйбү?

Коом | 26 Июл 2019 | 649 | 0

Солтон-Сары кенин казган компаниянын ишинде бир катар эреже бузуулар бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жумуш сапары менен Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы кенге барганда айтты. Боронов алгач «Jhong ji Mining» кытай компаниясы иш жүргүзүп жаткан объекттерди жана карьерлерди көрүп чыкты. Андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугуп, жардам иретинде буга чейин өлгөн малды төлөп берүүнү убада кылды. 

Буга чейин Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы малчылардын тарткан видеосу коомчулукка тараган. Андан малдын түшүнүксүз себептер менен эле өлүп калып жатканын көрүүгө болот. Жергиликтүүлөр бул окуяга Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык «Jhong ji Mining» компаниясын күнөөлөп келишет. Жагдайды жеринен көрүү үчүн кечээ биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов барды. Кытай компаниясынын иши менен таанышып, алардын иштеринде бир катар эреже бузуулар бар экенин белгиледи.

Компаниянын ишинде бир катар эреже бузуулар бар, алар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар иш алып барышууда, бардыгын оңдоо талабы менен эскертүүлөрдү берип жатышат. Компания ишин өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Муну биз көзөмөлгө алабыз.

Мындан тышкары, биринчи вице-премьер-министр: «Элдин ызы-чуу кылуусунун башка дагы себептери бар: маселен, аталган компанияга жумушка кирүүнү көздөп жаткандардын ойлоп тапкан «оюну» болушу мүмкүн», — деди.

Ал эми Кубатбек Бороновдун бул мисалын Солтон-Сарыны жайлаган малчылардын бири толугу менен четке какты. Анын айтымында, элдин бир гана каалоосу бар, ал: табиятты таза сактап, таза суу ичүү.

— Кечээ келди. Бирок чоңдор бардыгын таза, сонун кылып көрсөткүлөрү келет. Кытай компаниясы иштеткен кенден чыккан жаман химиялык заттар агын сууга кошулуп жатат. Жайлоодо — суунун башында отуруп да, таза сууну ташып ичебиз. Агын суудан иче албайбыз. Мүмкүн эмес. Ушу кантип болсун? Кенден чыккан уу зат табиятыбызды булгап жатат. Мал го мейли, адамдар да бар ал жакта.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында Солтон-Сарыдагы малдын 66 %ы өпкө, боор жана ичегинин мите ооруларынан кырылганын айтты. Буга себеп малды алдын ала эмдөө иштери толук кандуу жүргүзүлгөн эмес. Тийиштүү вакцинация жасалбаса, мал дагы кырылат. Ошондой эле, ал экспертизада «Jhong ji Mining» Кытай компаниясынын ишине байланыштуу эч кандай зыяндуу заттардын табылбаганын кошумчалады.

— Бизде: «Мал уу чөптөн ууландыбы?» — деген ой кетти. Текшерсек, Кудай жалгап таза экен. Бул жерде бир эле маселе бар, ал: малчылардын малын эмдөөдөн өткөрбөгөнү. Малды караш керек да. Маселе ошондон жаралган. Кытайдыкыбы, башканыкыбы, бизге айырмасы жок, химиялык заттардын тийгизген таасирин да карап чыктык. Эч кандай таасир байкалган жок.

Ал эми эколог Нурзат Абдырасулова кен казууда колдонулган химиялык заттардын кандай гана түрүнөн болбосун, зыяндуу заттар бөлүнүп чыгарын, анын таасиринен табият, эл запкы тартып калышы мүмкүн экенин айтат.

— Кандай гана химиялык зат болбосун, баары бир таасири тиет. Экологиянын бир эле жери бузулса, башка аймакка да тарайт. Биз ошол нерсени эске албай жатабыз.

Эске салсак, Солтон-Сарыдагы «Jhong ji Mining» кен казуу компаниясы 2012-жылы чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензия алган. Ушул жылы кен иштетүүчү комбинат куруу мерчемделип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM