Биз менен байланышыңыз

Жемкордукка айыпталган Перунун экс-президенти АКШда кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 534 | 0

Перунун экс-президенти Алехандро Толедо АКШда кармалды. Бул тууралуу Перунун прокуратурасына шилтеме жасап, «РИА Новости» жазды.

Маалыматка ылайык, эл аралык юридикалык кызматташтыктын негизинде экс-президент Алехандро Толедо Манрике 16-июль күнү АКШда кармалган.

Толедо Перуда 2001-2006-жылдары президенттик кызматты аркалаган. Ал бир эле курулуш компаниясына тийиштүү иште 20 миллион доллар пара алганы айтылууда.

2017-жылы Перунун ошол кездеги президенти Педро Кучински АКШ президенти Дональд Трамптан Толедону кармап берүү маселесин кароону өтүнгөн. 2018-жылдын февраль айында Перу бийлиги АКШдан расмий түрдө Толедону экстрадициялоо боюнча кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM