Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон казакстандык турист кайтып келди

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 523 | 0

14-июлда Ысык-Көлдө скутер менен кетип дайынсыз жоголгон казак жараны такси менен кайтып келди. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматтар боюнча, ал көлдүн аркы өйүзүнө чейин жеткен. Скутер чөгүп кеткендиктен, кайра такси менен кайтууга мажбур болгон.

Эске салсак, 14-июлда Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынын «Алтын-Көл» пансионатында эс алып жүргөн Казакстандын 1966-жылы туулган М. А. аттуу жараны скутер айдап кетип дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу тиешелүү тармактарга анын досу кабарлаган.

Аны издөө иштерин жалпысынан 106 куткаруучу жүргүзгөн. Техникалык жабдуулардан амфибия учагы жана 12 кайык тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM