Биз менен байланышыңыз

ЕККУнун өкүлү Кыргызстандагы сөз эркиндигин жогору баалады

Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 563 | 0

 Бүгүн, 16-июлда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЖМК эркиндиги маселелери боюнча Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) өкүлү Арлен Дезирди кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаменти билдирди.

Жолугушууда сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусунун маселелери талкууланды. Муну менен катар, тараптар «фактчекинг» институтунун ролун жана ЖМК өкүлдөрү, ошондой эле КР мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери үчүн семинарларды жана тренингдерди өткөрүүнүн натыйжалуулугун белгилешти.

Өз кезегинде министр Айдарбеков ЖМКлар жана социалдык тармактар менен жигердүү иштешүүнүн маанилүүлүгүн, ошол эле учурда «фейк жаңылыктар» сыяктуу көрүнүштөргө каршы туруу боюнча тажрыйбаны жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи.

Ал эми Ален Дезир Кыргызстандагы плюрализмдин жогорку деңгээлин баса белгилеп, сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу боюнча ЕККУнун милдеттенмелерин Кыргызстан жактай тургандыгын жана олуттуу жетишкендиктердин бар экенин айтты.

Белгилей кетсек, 17-18-июлда Бишкек шаарында ЕККУнун «ЖМКлардын эркиндиги жана санариптик трансформация доорундагы плюрализм» аталышындагы Борбор Азиялык XXI медиа-конференциясы өтөт. ЕККУнун өкүлү Ален Дезир да аталган иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

Copyright © 2017 Maral FM