Биз менен байланышыңыз

Эрдогандын камын ойлогон «төңкөрүш»: байкалбаган жагдайлар

Дүйнө | 16 Июл 2019 | 1381 | 0

«30 плюс» онлайн каналы 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда болгон башаламандык боюнча репортаж даярдаган. Анда окуянын бизге маалым болбогон тарабы тууралуу көбүрөөк сөз болгон.

2016-жылдын 15-июлунда Түркияда аскердик төңкөрүш сыяктанган окуя болгон.

Түркия аскердик төңкөрүш эмне экенин укпаса да билет, анткени, 1960, 1971 жана 1980-жылдары болуп өткөн үч төңкөрүштү башынан өткөргөн.

Бирок 2016-жылы Түркиянын тарыхында биринчи жолу төңкөрүш жасоо аракети чак түштө болгон, бул убакыт аскердик төңкөрүштү жасоо үчүн ыңгайсыз учур болуп саналат. Төңкөрүштүн катышуучулары президентти, премьер-министрди, жадагалса шаардын мэрин да барымтага алышкан эмес. Радио жана телеканалдар,  интернет, байланыш борборлору көзөмөлгө алынган эмес. Путчисттер социалдык тармактарды бөгөөгө аракет кылышкан эмес. Мунун ордуна алар иш-аракетке жардам берген кыймылдарды жасабастан, тескерисинче коомчулуктун ачуусуна тийишкен: Босфор аркылуу көпүрөнү тосуп салышкан; парламенттин имаратынын колдонулбаган бөлүгүн жардырышкан; өзүлөрүнүн соккуларынын объектиси катары полициянын башкы башкармалыгын алышкан; жарандарды ата башташкан.

Мындай кыймыл-аракеттер мындан мурунку төңкөрүштөрдө таптакыр болгон эмес. 15-июлда болуп өткөн чечүүчү окуялардан бир нече айдан кийин мунун бардыгы ошол кездегидей эле көп суроо жаратат. Алар ошол бойдон жоопсуз калды: «Ал түнү чындыгында эле эмне болду? Болуп өткөн окуяларга ким жоопкерчилик алат? Ошондой эле, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын бул окуяларга кандайдыр бир себептер менен катыштыгы барбы?»

Бардыгына белгилүү болгондой эле, Германияда 1933-жылы болгон Рейхстагдагы өрт Адольф Гитлердин бийлигин бекемдеген сыяктуу эле, ошол түндөгү окуя Эрдогандын пайдасына болгондугу талашсыз. Президент Эрдоган мамлекеттик төңкөрүштү жасоо аракетин ага аскерин тазалоого жардам бере турчу «Жараткандын берген сыйлыгы» деп атаган.

Ал өзүнүн билгендерин жана бул жөнүндө качан билгендигинин убактысын так айта алган эмес. Ал төңкөрүш жөнүндө качан билгендиги тууралуу айтып жатканда үч түрдүү убакытты белгилеген. Мамлекеттик төңкөрүштү жасоо аракети башталгандан бир нече сааттан кийин бийик даражадагы Эрдоганга жакын чалгындоо жана армиянын кызматкерлеринин болуп жаткан окуяларга карата мамилелери жайынча гана болгондой. Улуттук чалгындоонун мүдүрү Эрдоганга кабар берген жок жана аны коргогон да жок. Армиянын аскер башчысы окуя тууралуу Эрдоганга маалымдаган эмес жана чалгындоо кызматынын башчысы ага болуп жаткан окуя боюнча маалымат берсе да, путчисттер тарабынан кармалган. Генерал Мехмет Дишли — Эрдогандын замандашынын жакын досу, көпчүлүк офицерлерди бул төңкөрүшкө катышууга мажбурлаган.

Түшүнүксүз бул жана башка окуялар эксперттерге «Төңкөрүш чындыкка жатабы?» деген сыяктуу суроолорду жаратты.

Ошол түнү көпчүлүк жогорку даражадагы командирлер төңкөрүштү жасоого болгон аракеттер чындыкка коошпой тургандыгын түшүнүшүп, ага катышуудан баш тартышкан. Ал жерде калган анча көп эмес офицерлер жана алардын башкармалыгындагы бөлүктөр жалгыз калышып, жинденип турган коомчулуктун жана полициянын алдында бир аз басынышкан. Кийинки күнү эле Эрдоган коомдук жайларда монументалдуу «тазалоону» баштаган.

2800 куралдуу күчтөрдүн офицерлери жумуштан айдалган жана камакка алынышкан, алардын көпчүлүгү ошол түнү кызмат орундарында эмес эле. Кээ бири кызмат өргүүсүндө болсо, кээ бири чет мамлекетте жүрүшкөн. Камоо үчүн ордерлер чет мамлекеттерде Европада, Ооганстанда жана АКШда, НАТОдо ар кандай кызматтарда иштеген түрк аскер офицерлерине берилген; 2745 сот жана прокурорлор ошол күнү эле камалган. Байкоочулар белгилегендей, камала тургандардын тизмеси күн мурунтан даярдалган. Жадагалса, төңкөрүш болгонго чейин эки ай мурун каза болгон судья да бул тизмеге киргизилген.

Бүгүнкүгө чейин 128000ден ашык адам өкмөттүк кызмат орундарынан алынган, алардын катарында 7000 дарыгер жана 7316 жогорку окуу жайларынын кызматкерлери да бар. 92000ге жакын адам кармалып, 45000ден ашык адам  камалган, 162 журналистти кошкондо. «Эл аралык амнистия» жана «Хьюман райтс вотч» (Адам укугун коргоо) уюмдары камакка алууда камалоо борборлорунда систематикалык кыйноолор болгондугу жөнүндө кабарлашкан.

Мамлекеттик төңкөрүштү жасоо аракетинин натыйжасында президент  Эрдоган төрт максатка жетти:

1.Ал он миңдеген судьяны, прокурорлорду, мугалимдерди жана чиновниктерди алмаштырып өзүнүн тарапташтары кылган;

2.Ал аскер адамдарын кемсинтип жана толугу менен багындырды, миңдеген офицерлерди жумуштан алды, аскердик окуу жайларды жапты, аскердик билим берүү системасын, жалдоону, эсеп-кысапты жана армиядагы кыймыл-аракетти реорганизациялады;

3.Ал түрк армиясынын Сирияга киришине каршы чыккан бардык командирлерди жумуштан четтетти. Көп өтпөй тазалоо бүткөндөн кийин түрк армиясы генерал Аксакаллынын башкаруусу менен Сирияга кирди;

4.Ал премьер-министрлик кызматты, парламенттик иликтөөнү жана анын кабинетин парламент тарабынан жактырылышын, ошондой эле, маанилүү текшерүүлөрдү жана анын бийлигинин ийкемдүүлүгүн жок кылуучу президенттик башкаруу формасына өтүү жөнүндөгү референдум үчүн атактуулукту жыйнады;

Ийгиликсиз төңкөрүш жасоо аракети жыйынтыгында бир адам — Режеп Тайып Эрдоган үчүн ийгиликтүү болуптур.

Copyright © 2017 Maral FM