Биз менен байланышыңыз

«Тез жардам» жардамга муктаж

Коом | 15 Июл 2019 | 1120 | 0

Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алып, Өкмөт «Тез жардам» кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, медициналык «Тез жардам» унааларын сатып алуу мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе деп чечкен. Мунун каражат жагы «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн айып пулдун эсебинен каралат. 

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражаттарды пайдалануу боюнча токтом өзгөрдү. Ага ылайык, аталган долбоордон түшкөн айып пулдун бир бөлүгү «Тез жардам» кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Буга байланышкан чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

— Документке ылайык, аталган долбоорго кызыкдар тараптардын бардыгына акчалар бөлүштүрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50 %ы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык «Тез жардам» унааларын алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Жогоруда айтылган кызыкдар тараптар кимдер экенин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова чечмелеп берди. Мындан сырткары, ал бүгүнкү күндө бузуулардан төлөнгөн айып пулдардын саны 160 миллион сомдон ашканын маалымдады.

— Эң биринчи 218 сом «ВЕГАга» кетет. Андан кийин 22 сом почтанын чыгымдарына төлөнөт. Маалыматтык коопсуздукту сактаган сервер УКМКда турат, аларга 5 % бөлүнөт. Системаны кароо, интернет, телефон сыяктуулар үчүн биз 15 %ын алабыз. 25% мэрияга каралат. Дагы 5 % транспорт министрлигине берилет. Калган акчалар казынага түшөт.

Өкмөт өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алуу менен «Тез жардам» унааларын сатып алууну маанилүү социалдык маселе деп чечкен. Мындан улам, «Тез жардам» кызматынын техникалык базасынын бүгүнкү абалы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматовдон маалымат алдык. Ал биринчи медициналык жардам көрсөтүү кызматынын техникалык базасын ортодон жогору баалап, өлкө боюнча 160ка жакын «Тез жардам» унаасы керектелерин айтып берди.

— Техникалык база ортодон жогору деп айтсак болот. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 439 «Тез жардам» унаасы бар. Анын 332си кызмат көрсөтүүдө, 100үнүн акыбалы начар же оңдоого муктаж. 150-160тын тегерегинде «Тез жардам» унаасы керектелет. Кандай көйгөй, муктаждыктар бар, биз баарын айтканбыз.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов «Тез жардам» кызматынын материалдык-техникалык базасын өтө начар деп баалады. Анын белгилешинче, кошумча каражатка техникалык база тургай, дарыгерлер да муктаж.

— «Тез жардам» кызматынын материалдык-техникалык базасы өтө начар. Мен өзүм врач болгондуктан, абалды ичинен билем. Эгерде ушундай кошумча каражат бөлүнсө, бул абдан жакшы. Мындан сырткары, дарыгерлердин маянасын да көтөрүү зарыл.

Кошумчалай кетсек, Өкмөт башчы бул жылы медициналык тез жардам тутумун модернизациялоого өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, бул багытта иштегендердин маянасын да кароону тапшырган. 

Copyright © 2017 Maral FM