Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө экономиканын өсүшү байкалууда

Экономика | 15 Июл 2019 | 1321 | 0

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча, экономикалык өсүш 4 %га жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди. Ошондой эле, ал мындай көрсөткүчтөргө жетүү үчүн өкмөт тарабынан белгиленген бардык тапшырмаларды аткаруу керек болорун белгиледи. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында экономиканын өсүшү 6,4 %ды түзгөн. Ал эми «Кумтөр» ишканасын эске албаганда 2,5% болгон.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өндүрүмгө карата болжол менен 30-40 %ды түзөрү айтылып келет. Ал эми расмий маалыматтарда 23 %ды түзөрүн Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

— Негизги секторлордун бардыгында өсүш байкалды. Маселен, айыл чарбасында 1,7 %га, курулуш тармагында 5,9 %га, соода тармагында 4,7 %га, кызмат көрсөтүүдө 1,4 %га жана өнөр жай тармагында 20,5 %га өсүш катталды. Эгерде инфляцияга токтоло турган болсок, өзүңүздөр көргөндөй, акыркы учурда экономиканын туруктуулугу байкалууда. Жалпысынан 0,3 %га баанын өсүшү байкалды.  

Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев: «Кумтөр» ишканасын эсепке албаганда, экономиканын өсүшү 3,6 %га жетет», — деп эсептейт. Ошондой эле, биринчи жарым жылдыкта көрсөткүчтөрдүн жогору болгондугунун себеби былтыркы жылдын төртүнчү чейрегинде «Кумтөр» ишканасы көп алтын иштеп чыгарган. Ушуга байланыштуу, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында өсүш болуп жатканын айтып, буларды кошумчалады:

— Биз кийинки жылы чоң долбоор ачууну пландап жатабыз. Анын үстүнө, бизде Орус-кыргыз фонду иш алып барарын өзүңөр деле билесиңер да. Аталган фонд 1600 долбоорду жактырган жана 500 млн доллар каражат бөлмөк. Бүгүнкү күндө бардык каражат которула элек. Кийинки долбоор — айыл чарбасына жеңилдик катары, аталган тармакты кайра иштетүү боюнча 6 % менен кредит берүү. Мындан сырткары, 2023-жылга чейин өлкөнүн экономикасын көтөрүү боюнча атайын иштелип чыккан программалар бар. Анда ири-ири долбоорлор да камтылган. Маселен, Бишкек-Торугарт, Ысык-Көл жолдорун белгиленген жылга чейин бүтүрүү.

Министрликтин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Ысабеков үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында шаарларга, калкы көп конуштарга салыкты жеңилдетүү боюнча атайын токтом кабыл алынганын билдирди. Тактап айтканда, алар мындан ары салыктын төрт түрүн гана төгүшөт.

— Пайдадан түшкөн салык, сатуу, жер жана мүлк салыгы. Алар булардан башка салык төлөшпөйт. Шарттар  сакталган учурда 10 жылга чейин каралат. Ушул аймактарда жаңы ишканалар ачылат деп ишенебиз. Ошондой эле, № 263 токтом кабыл алынган. Анда аткезчилик айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетип чыгуу боюнча 18 % кошумча нарк салыгы бар төлөм менен 2018-жылдын 24-сентябрынан бери токтом иштеп келет.

Ал эми Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев патенти жок мыйзамсыз соода кылгандар азайып баратканын билдирди. «Дордой» базарындагы сатуучулардан аталган документтер тыкыр текшерилип жатканын кошумчалады.

— «Дордой» базарынан патенттен ар ай сайын  4 млн сомдон 37 млн сомго чейин түшөт. Бул көрсөткүч туруктуу. Төмөндөбөйт. Бирок 19-марттан кийин базарда товарлардын жана соодагерлердин азайышы байкалууда.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн санариптик технологиялар киргизилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM