Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореянын премьер-министри Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 14 Июл 2019 | 493 | 0

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ен 17-июлда расмий сапары менен Кыргызстанга келет.

Түштүк Кореянын премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугары күтүлүүдө.

Өкмөт башчылардын жолугушуусунда эки тарап саламаттыкты сактоо, медицина, электрондук өкмөт, транспорт жана инфратүзүм тармактарында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашмакчы. Андан тышкары,  кыргыз-корей бизнес-форумуна Ли Нак Ендун да катышары айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM