Биз менен байланышыңыз

16-июлда Жогорку сот Текебаевдин ишин кайра карайт

Кыска кабар | 14 Июл 2019 | 474 | 0

16-июлда Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карайт.

Белгилей кетсек, сотто Текебаевге каршы көрсөтмө берген Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты Леонид Маевский “Альфа-банктын” кожоюндары Михаил Фридман жана Петр Авенден 50 млн. долларды коркутуп алган деп айыпталып жатат. Бул тууралуу Орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Ага 2018-жылы 15-ноябрда кылмыш иши козголуп, камакка алынган болчу.

Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча “Ата Мекен” партиясы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, соттун адилет кароосун камсыздап берүүсүн өтүнгөн.

Эскерте кетсек, 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырган. Отурумда эки саясатчынын үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин гана жокко чыгарылган болчу.

Өмүрбек Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү максатында орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан

Copyright © 2017 Maral FM