Биз менен байланышыңыз

Венесуэлада 2020-жылы парламенттик шайлоо өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Июл 2019 | 486 | 0

Венесуэланын Конституциялык ассамблеясынын төрагасы Дьосдадо Кабельо парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөрүн жарыялады. Мыйзамда ушундай жазылганын эске салды.

Ал эми оппозиция өлкөдө президенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда болушун талап кылышууда. Алардын айтышынча, бийлик менен болуп жаткан диалогдун алкагында бул маселе сүйлөшүлүп жатат.

Буга чейин президент Мадуро да оппозиция менен макулдашууга барарын жашырган эмес.

Белгилей кетсек, Венесуэлада президенттик шайлоо өткөн жылдын май айында өтүп, анда Николас Мадуро жеңип чыккан. Бирок оппозиция жана АКШ, Евробиримдик жана бир катар өлкөлөр шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM