Биз менен байланышыңыз

«Ата Мекен» партиясы президентке кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 13 Июл 2019 | 519 | 0

“Ата Мекен” партиясы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Кайрылууда партиянын демократиянын орношу үчүн жасаган аракеттери, мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана Алмазбек Атамбаевдин диктатурасына каршы туруп келгени жөнүндө айтылган.

Партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун күнөөсү жок камалганын, саясий буйрук менен ишке ашкан чечим болгондугу белгиленген.

Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенден кийин да соттор жана чиновниктер эки саясатчынын күнөөсүз экенине жетиштүү болгон далилдерге көңүл бурулбай жатканы айтылат.

16-июлда Өмүрбек Текебаевдин соту болорун, ошол себептүү андагы отурумдун акыйкат жана калыс каралышын камсыздап берүүсүн өтүнүшкөн.

-Сиз бир нече жолу эл алдында сот процесстерине кийлигишпей турганыӊызды айткансыз, ошондуктан, соттордун кандай чечим чыгарары Сизден көз каранды эмес. Биз Сиздин айтканыӊызга толук кошулабыз, бирок дале көз каранды сотторго көрсөтүлгөн чечимди эмес, акыйкат сот чечимин камсыздап беришиӊизди суранабыз,-деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин Жогорку сот жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карайт.

Copyright © 2017 Maral FM