Биз менен байланышыңыз

Мамкаттоо жарым жылда эмне иш жасады?

Коом | 11 Июл 2019 | 1349 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги биринчи жарым жылдыкта аткарган иштери боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Негизинен, мамлекеттик маанидеги документтердин жаңы үлгүлөрүн чыгарууда өткөрүлгөн тендерлер боюнча маалымат берип, калкты тейлөөдө бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовдун билдиришинче, 2019-жылдын башынан бери аталган мекеме жалпысынан 520 миң 210 паспорт даярдаган. Жыл аягына чейин жарандарды үзгүлтүксүз тейлөө үчүн дагы 226 миң даана паспорт бар. Тендерге байланыштуу убактылуу айдоочулук күбөлүктөр жана техникалык паспорттор берилип жатат. Ал эми, биометрикалык паспортторду алуу тендери боюнча маселе Бишкек шаардык сотунда кароодо.

— Калкты тейлөө борборлорунда паспорт менен нике күбөлүгүн берүүнү эки башка оператор карайт. Биз буларды бир жерден берүү жагын караштырып жатабыз. Бул иш —  жарандар үчүн кыйла жеңилдик түзөт. Ал эми, айдоочулук күбөлүк менен техникалык паспортту чыгарууда тендерди жергиликтүү компания утуп алган. Документтин даярдалышы 192 сомго бааланды.

Айдоочулук күбөлүктөрдү жана техникалык паспортторду алууда «Унаа» мамлекеттик мекемеси толугу менен автоматташтырылган маалымат системасын киргизди. Ошондой эле, жарандарды тейлөө үчүн «Инфоком» мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан электрондук кезек күтүү системасы Бишкек, Ош, Каракол шаарларында колдонулуп жатат. Бул тууралуу мекеменин жетекчисинин орун басары Үсөйүн Касымалиев маалымдады.

— Азыркы автоматташтырылган системада жарандын жеке номерин киргизгенде, аты-жөнү, дареги толугу менен паспорт системасынан көчүрүлүп коюлат. Эгер юридикалык жак болсо, системага мекеме боюнча толук маалыматты киргизүүнүн кажети жок. Бул убакытты үнөмдөөгө жардам берет. Автоунаанын маалыматы бир жолу киргизилет, кийин жеке номур аркылуу системадан тапса болот.

Жогорудагы жыйын боюнча IT Ассоциациясынын төрагасы Азиз Абакировго кайрылганыбызда, ал мамлекеттик каттоо кызматы жыл башынан бери көзгө көрүнөрлүк иштерди аткара элек деп эсептээрин айтты. Ошол эле учурда, тендерлердин кечиктирилишин, убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн жана техникалык паспорттордун берилишин аталган мекеменин системалык катасы катары кабыл аларын белгиледи. Антсе да, «Кадрдык өзгөрүүлөрдүн болгонуна байланыштуу алардын ишинин жыйынтыгын көрүү үчүн убакыт керек», — дейт.

— Биометрикалык паспорт боюнча иштер кандай болуп жатат? Маселе ушунда. Бул — өтө маанилүү иш, анткени, биз дүйнөлүк экосистемага киришибиз керек. Өнүккөн мамлекеттер буга өттү. Биз артта калдык.

Жарандар мамлекеттик маанидеги документтерди алууда керектүү документтерди аталган мекемеге онлайн түрүндө жөнөтүп, ала турган документи даяр болгондо гана баруусу керек. Мындай пикирин жарандык активист Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик каттоо кызматы али күнчө бюрократиялык ыкмадан арыла элек, тейлөө иштери жакшыртылбай, кезек күтүүлөр көп.

— Паспорт боюнча тендерди жараксыз кылып салышкан. Азыр паспорт алууда кризис башталды. Күзүндө биздин жарандар ажыга барышат. Биометрикалык паспорт жок бара алышпайт. Анткени, АКШ менен БАЭ биометрикалык паспорт аркылуу гана кабыл аларын маалымдап жатышат. Бүгүнкү күндө биометрикалык паспорт көпчүлүгүндө жок. Тендер болсо кечиктирилип жатат.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматы тендер өткөрүү кечиккенине байланыштуу жарандарга убактылуу айдоочулук күбөлүк жана техникалык паспорт бере баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM