Биз менен байланышыңыз

Байгазы Кенжебаев: Мээрим менен Назираны сүрөөнгө алалы

Кыска кабар , Спорт | 11 Июл 2019 | 774 | 0

Кыргызстандык балбан кыздар Назира Марсбек кызы менен Мээрим Жуманазарова жаштар арасында Азия чемпионатынын финалына жакшы маанай менен даярданып жатышат. Бул тууралуу аталган мелдешке балбан кыздарды жетектеп барган, өлкөнүн күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев «Маралга» билдирди.

Ал балбан кыздардын чейрек жана жарым финалдык беттештери жеңил болбогонун, чечүүчү финалда мыкты күрөш көрсөтүүгө камынып жатышканын айтты. Байгазы Кенжебаев «Марал» радиосу аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, балбан кыздарды колдоп-коштоп, сүрөөнгө алууга чакырды.

Жаштар арасында Азия чемпионаты ушул күндөрү Таиланддын Чонбури шаарында өтүүдө. Аны unitedworldwrestling.org сайты түз алып көрсөтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM