Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Путин менен жолугат

Кыска кабар | 11 Июл 2019 | 668 | 0

Бүгүн, 11-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу Орусиянын президенттик сайты жазды.

«11-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Москвада боло турчу кыска мөөнөттөгү иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен жолугушат», — деп билдирет Кремлдин басма сөз кызматы.

Жолугушуу тууралуу кошумча маалыматтар камтылган эмес.

Кошумчалай кетсек, президент Жээнбеков 9-11-июль аралыгында расмий сапар менен Швейцарияга барды.

Copyright © 2017 Maral FM