Биз менен байланышыңыз

Кыргыз саясатындагы туугандар

Саясат | 10 Июл 2019 | 2514 | 0

«Менин туугандарым акылдуу болсо, эмне кылайын?» — деп мурдагы президент Курманбек Бакиев өз жакындарынын кызматта отурганы боюнча комментарий берип жатып айткан экен. Бирок андан бери бийлик алмашса да, «акылдуу туугандар» дагы деле жогорку кызматтарда турганы ачык эле сөз.

Президенттин кудасы, депутат Алиярбек Абжалиевдин Бишкек шаардык Кеңешиндеги депутат уулу Темирлан Токобеков 7-июлда Чолпон-Ата шаарындагы жол кырсыгына катышкан. Кырсык 4 адамдын өмүрүн алды. 25 жаштагы депутат сатыкка 2019-жылы гана чыккан «BMW X-7» унаасында болгон. Бул окуядан кийин саясаттагы туугандык маселеси кайра көтөрүлдү.

«Kaktus.media» сайтынын малыматында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун саясатта жүргөн туугандары аталган.

Буга чейин айтылып келген бир туугандары жана кудасынан башка жаңы ысымдарды да окууга болот. Президенттин бир тууган агасы ыраматылык Кантөрө Токтомаматов депутат Айнура Осмонованын кудасы экени да айтылган. Бирок эл өкүлү ортодогу катыш башкача экенин түшүндүрүп берди.

— Cооронбай Шарипович менен эмес, Кантөрө Шарипович менен — менин атам куда. Агам Токтомаматовдун кызына үйлөнгөн. Ага 25 жылдан ашты. Азыр неберелери бар. Мен шаардык Кеңештин 3 чакырылышында депутат болуп, кийин Жогорку Кеңешке келдим.

Буга чейин премьер-министрдин бажасынын баласы Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайлда» жетекчинин орун басары болуп турганы кыйла талкуу жаратып, аягында кызматтан кеткен.

Ал эми президенттин агасы, Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шариповдун күйөө баласы Адыл Каниметов Каракол шаарына мэр болуп шайланды. 42 жаштагы жетекчи Жогорку Кеңештин бир канча жолку депутаты Жанкороз Каниметовдун уулу. Бакиевдин учурундагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык Кеңешинде депутат болуп отурат.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу Марлен Маматалиев — Жогорку Кеңештин депутаты. Эл өкүлү өзүнүн саясий карьерасында атасы болгону биринчи жумушуна гана киргизгенин, андан ары эч кийлигишпегенин айтат. «Болгону, айрым учурларда гана ата катары кеп-кеңешин берип турат», — дейт.

— Мен башында Социалдык фонддо иштеп баштагам. Окууну бүткөндө атам мени ошол жакка сүйлөшүп киргизген. Ал учурда эч кандай сынагы жок эле кабыл алчу. 2002-жылы киргизип, «Эми өзүңдүн жолуң менен кете бер», — деп, тандоону өзүмө калтырган. Андан кийин мамлекеттик кызматтан 3 жолу кетип, 3 жолу келгем. Бир жолу да атамдан жардам сурап, же кызматта калуу үчүн кайрылган эмесмин.

Эл өкүлү кайсы бир таанышынын же тууганынын арты менен жетекчилик кызматка келүүгө бөгөт койгон мыйзам жазып жатканын да айтты. Анда министр жана орун басарлары ошол тармакта 3 жылдан кем эмес иштеген жана кызыкчылыктар кагылышы болбогон кадр болушу керек экен.

Чектөө жагына келсек, бул тууганчылык мамилени Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев да мыйзам менен бөгөттөөгө аракет кылган.

— V чакырылыштын бир канча депутаты бир туугандар, ата-бала жана жакын туугандарды мамлекеттик жумушка алууну чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштаганбыз. Бирок ал өтпөй калган. Биз бул көрүнүштөн мыйзам чегинде же катуу чара көрүп кутулмайынча, эч убакта биздин мамлекеттик кызматкерди өтө зарыл болгон деңгээлде кабыл алууга кайта албайбыз.

Кудаларга кайтсак, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов менен Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Байланыш агенттигинин мурдагы башчысы Байыш Нурматовдун кудалык мамилесин «Спутник» сайты жазып чыккан. Андагы тизмеде мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров менен депутат Мыктыбек Абдылдаевдин, Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен V чакырылыштагы депутат Замирбек Алымбековдун кудалыгы да жазылган. Саясатчылар бири-бири менен мамиледе болгусу келеби, же балдарынын сүйүүсүндөгү дал келүүчүлүкпү, аны айтуу кыйын.

Бирок саясат талдоочу Эмил Жураевдин оюнда, буга каршы ар кандай ыкмалар колдонулганы менен жыйынтык болбой келүүдө.

— Кыргызстандын чоң саясатында 100-200дөй киши айланып жүрөт. Алардын арасында ар кандай байланыштар, достук, кудалык мамилелер өөрчүп кеткен. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин бул маселеге бөгөт коё ала турган бир да чара табыла элек.

Мындан тышкары, мыйзам жазуу менен да чектелиши кыйын экенин белгиледи.

Топтошкон саясатчыларды же бир тууган жетекчилерден сөз кылууда учурда атагы чыгып турган Матраимовдорду кошпой кетүүгө болбойт. Алардын агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты болсо, айтылуу Райымбек Матраимов учурунда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп турган. Тилек Матраимов — Кара-Суу районунун акими. Исламбек Матраимов экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында бир бөлүмдү жетектеп турган. Матраимовдордун талкуусу башталганда кызматтан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM