Биз менен байланышыңыз

«Августтан тарта автоунааны каттоо күбөлүгү 200 сом болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июл 2019 | 647 | 0

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Үсөйүн Касымалиев «Марал» радиосуна берген маегинде үстүбүздөгү жылдын август айынан баштап автоунааларды каттоо күбөлүгү 200 сом болорун билдирди.

Анын айтымында, унааны каттоонун жалпы баасы 1000 сомду түзөт.

«Унаанын техникалык паспорту боюнча тендер жүргүзүлдү. Август айынан тарта анын баасы 800 сомдон 200 сомго, башкача айтканда, төрт эсе арзан берилет. Жаңы коргоо элементтери бар документтин үлгүлөрү Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтына жайгаштырылат», — дейт Касымалиев.

Ал белгилегендей, Мамлекеттик каттоо кызматынын сайтынан автоунаанын документтеринин түп нускасын жана жарамдуу экенин текшерип алса болот. Документтерди portal.srs.kg дареги аркылуу текшерүүгө мүмкүн.

«Бул кызмат — транспорт каражатын сатууда же сатып алып жатканда пайдалуу. Буга кошумча сайттан автоунаанын юридикалык ээсин таап, айып пулдарды да төлөсө болот. Айып пул толугу менен төлөнмөйүнчө, транспорт каражатын кайра каттоого уруксат берилбейт. Ошондой эле, унаалар камакта болсо да, кайра каттоодон өтпөйт», — дейт Касымалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM