Биз менен байланышыңыз

«Кайра каттоо үчүн автоунаанын ээси табылбай жатса, анда…»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июл 2019 | 835 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматында маалыматтык система бар. Андыктан, транспорт каражатын ким башкарып жүргөнүн тактоо эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Мындай аракет мамлекеттик органдарга караганда жарандар үчүн көбүрөөк пайдалуу. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Үсөйүн Касымалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишеним кат менен унаа алган жаран транспорт каражатынын ээсинин өкүлү катары саналат. Бирок ишеним кат эч кандай менчик укуктарын бекитип бербейт.

«Мурунку ээси табылбай жатса, транспорт каражатын башкарып жүргөн жаран сотко кайрылып, унаа өзүнө таандык экенин далилдейт. Сот органдарынын чечими менен унаа каттоого алынат. Эгерде унаа жараксыз болуп калса, маалыматтык базадан чыгаруу зарыл. Ал үчүн транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү жана мамлекеттик белгилери талап кылынат», — дейт Касымалиев.

Ал кошумчалагандай, «Унаа» мамлекеттик мекемеси автоматташтырылган системаларды Бажы кызматы менен да интеграция кылып жатат. Транспорт каражатын каттоодо унаанын бажы алымдары төлөнүп же төлөнбөгөнүн да текшерүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM