Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 10-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот, тоолуу райондордун тоо этектеринде кыска мөөнөтүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 17….22… күндүз: 30… 35 °C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 15….20….күндүз: 30…..35°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 17…22….күндүз: 31……36°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 12…..17….күндүз: 20……25°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 10….15…..күндүз: 23….28°C;
10-июлда Бишкекте күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 33……35°C, түнкүсүн 19 … 21 °C.