Биз менен байланышыңыз

Эс алуудагы депутаттар эмне менен алек? (сүрөт, видео)

Саясат | 9 Июл 2019 | 1192 | 0

Жогорку Кеңеш 27-июнда акыркы жыйынга чогулуп, 2 айлык эс алууга тарашты. Алар бир ай шайлоочулары менен жолугушса, бир ай эс алышат. Биз эл өкүлдөрү эмне менен алек болуп жатканына кызыгып, алардын социалдык тармактагы баракчаларына баш бактык.

Вице-спикер Мирлан Бакиров 1-июль күнү Сары-Челек көлүндө жүргөнүн жазып, сүрөтүн да жүктөгөн. Анда курсташ достору менен сейилдегенин да жазган.

Бактыбек Райымкулов 5-июль күнү көк бөрүчүлөр менен жолугушканын жазган. Саясат менен эле жүрө берсе, башка жумуш калып каларын да эске салган.

— Чу дегенде эле Сокулук эли менен бирге, райондун жетекчилери, акимдин орун басары, көк бөрүчүлөр, ар бир айыл өкмөттөн келген өкүлдөрү менен чогуу бир добуштан Бакыт Чомоев инибизди Көк бөрү федерациясынын Сокулук району боюнча жетекчилигине 2 орун басары менен кошо шайладык.

Ал эми вице-спикер Аида Касымалиева Сузак, Өзгөн жергесинин тургундары менен жолугушканын чыгарган. Анда кесиптеши Курманкул Зулушев да бар экенин көрүүгө болот.

6-июлда Ысык-Көлдө жүргөнүн да жарыялаган.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Нарын эли менен жолугуп, андан кийин Куланак айылындагы кулатуу боюнча таймашка катышкан. Өзүнүн баракчасына жарыялаган билдирүүгө ылайык, 6-июль күнү WEF 81 PROFGIGHT 34 эл аралык турниринде болгон. Жүктөлгөн сүрөттөрүндө бир эле Турусбековду эмес, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган бир катар депутаттарды көрүүгө болот.

«Бир болчу» депутат Исхак Пирматов Германияда жүргөнүн жазган. Кыязы, Европадагы шайлоочулары менен жолугуп жүрсө керек. Ал ошол жактан эки кыргызстандык кызды кезиктиргенин сыймыктануу менен жазган.

Тырышчаактыктын үлгүсү!Германиянын Ansbach шаарына жетпей, Франция менен болгон чек арасына жакын Vehlberch айылында…

Опубликовано Исхак Пирматов Воскресенье, 7 июля 2019 г.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Ноокат районундагы Толман айылындагы жаңы спорттук залдын ачылышына катышты. Бул билдирүүсүн 7-июль күнү жарыялаган.

Элвира Сурабалдиева:

— Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен 7.07. Дипломатиялык академиядагы расмий жолугушууга коллегаларыбыз менен катыштык.

Бул эс алуу «Бир бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов үчүн өзгөчө болду көрүнөт. 6-июль күнү ал тик учак менен Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырганын видеого тартып, баракчасына жайгаштырган.

Кыргызстаным !🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Опубликовано Алтынбек Сулайманов Суббота, 6 июля 2019 г.

Бул видеосу талкууга түшүп, нааразы пикирлерин жазгандар көп болгон. Андан соң: «Асманга учпай жерге түш дедиңер, мына жерге түштүм», — деген тамашалуу пост жазган.

Асманга учпай жерге түш дедиңер мына жерге түштүм.)))

Опубликовано Алтынбек Сулайманов Воскресенье, 7 июля 2019 г.

***Бул маалыматтар депутаттардын социалдык тармактагы баракчаларынан алынды.

Copyright © 2017 Maral FM