Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Швейцариядан эмнени үйрөнүшү керек?

Саясат | 8 Июл 2019 | 1319 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-11-июль күндөрү расмий сапар менен Швейцарияга барат. Бул визиттин алкагында Швейцариянын президенти Ули Маурер, Швейцария Федералдык жыйынынын улуттук кеңешинин төрайымы Марина Каробия Гушетти, Швейцария Улуттук банкынын төрагасы Томас Иорда менен жолугушууларды өткөрөт. Мындай маалыматты Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков берди.

Анын айтымында, иш сапарда соода-экономикалык, банк тармагы жана инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, парламенттик демократия маселеси талкууланат.

— Расмий сапардын жүрүшүндө 6 документке кол коюлат. Экономика, каржы, туризм тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Андан тышкары, президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда 2 өлкөнүн ишкерлеринин бизнес-форуму өтөт. Мунун жыйынтыгында Кыргызстандан Швейцарияга экспорттолуучу товарлардын көлөмү өсөт деген ниетибиз бар.

Президент бул сапардын арты менен Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктарды Швейцарияга экспорттоого жол ачкысы келет. Бирок серепчилер Швейцариянын башка артыкчылыктарына да кызыгышты. Мурдагы Экономика министри Эмил Үмөталиев Швейцария дүйнөнүн эң ишенимдүү өлкөсү экенине басым жасады. Ошол себептүү, демократия жана бийликтин эл менен иштөөсүнө аталган өлкөнү үлгү катары көрсөттү.

— Швейцариянын түз демократия тажрыйбасы бар. Аны биздин өкүлдөр анчейин баалай беришпейт. Бирок келечекке пайдалуу экенин түшүнгөн адамдар көбөйүп жатат. Швейцарияда көп маселелер жарандардын ою менен чечилет. Эң жогорку деңгээлдеги чечимдерди да бийликтегилер эле эмес, референдум жолу менен кабыл алып келишет.

Эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул Кыргызстан менен Швейцария 90 пайыз окшош өлкөлөр экенин айтты. Ал жакында эле сөз болуп жаткан өлкөдө болуп келгенин айтып, «Жаратылышка, туризмге жасаган мамилеси, билим берүүсү жана административдик башкаруусу жагынан кызматташуу абзел», — деп эсептейт. Швейцария ар бир аймактын өзүнүн артыкчылыгын аныктап, анын үстүнөн иштеп жатып ийгиликке жеткенин да эске салды.

— Бизде туризм жай өнүгүп жатат. Бирок өндүрүштү ошого ылайыкташтырбайбыз, билим берүүдө кандай өзгөрүү болуп, кандай адис окутуу керектиги боюнча иштер жүрө бербейт. Бул боюнча Швейцария бизге жалгыз үлгү боло алат. Өзүм да бул өлкөдө 1 жумадай болуп, окшош жактар көп экенине ынандым.

Президент сапардын алкагында Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы менен болгон жолугушуусу тууралуу да сөз кылды. Бирок Кыргызстан аймактык саясатта көз каранды болушу банктын чөлкөмдө ишенимдүүлүгүн камсыздабай турганын да белгиледи.

Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Эдил Осмонбетовдун пикиринде, өлкөгө инвестиция тартуу үчүн банктардын орду маанилүү. Кыргызстандын банктары дүйнөлүк талаптарды аткарууда айрым учурда кыйынчылык тартарын айтып, жаңы банктарды ачуу же модернизациялоо пайдалуу болорун белгиледи.

— Банк деген – экономиканын ханы. Каржы түшсө, банк иштейт. Ошол үчүн алар да банктарды ачса, альтернатива болуп, каржы системасы жакшырат. Белгилүү долбоорлор Кыргызстандагы банк системасынын айрым кемчиликтеринен улам акча которбогон учурлар да бар. 

Андан тышкары, Швейцариянын тоо-кен тармагындагы тажрыйбасын колдонуу керек экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Швейцария ички дүң өндүрүмү боюнча Дүйнөлүк банктын рейтингинде 20-орунда турат.

Copyright © 2017 Maral FM