Биз менен байланышыңыз

«Алтын сертификат» ээлери сыйланды

Билим-маданият | 8 Июл 2019 | 1160 | 0

Бүгүн  өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган окуучуларды куттуктады. Кыргызстандын 7 дубанынан келген 52 окуучу «Алтын сертификатка» ээ болду. Президент бүтүрүүчүлөрдү куттуктап жатып, билимдүү жаштар менен өлкөнүн бардык тармагын өркүндөтүүгө болорун билдирди.

Бүгүн, 8-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган 52 бүтүрүүчүгө «Алтын сертификат» тапшырды. Муну менен бирге каалоо-тилектер жолдонуп, баалуу белектер ыйгарылды. Өлкө башчысы өз сөзүндө бүтүрүүчүлөргө кеңешин айтып, Кыргызстандын жаркын келечегин билимге умтулган жаштар түзө аларын билдирди. Аны менен катар, бүтүрүүчүлөрдүн 38 пайызы жогорку окуу жайына өтүү үчүн белгиленген босого упайды алалбай калганына өкүнөрүн да жашырбады.

— Урматтуу, бүтүрүүчүлөр! Кымбаттуу, жаш досторум! Мектепти ийгиликтүү аякташыңар менен баарыңарды чын дилимден куттуктайм! Мамлекеттик саясаттын  негизги принциптеринин бири — ийкемдүү, ачык, үзгүлтүксүз өнүгө турган билим берүү системасын түзүү. Жаштарыбызды тез, динамикалуу өзгөрүлүп турган турмушка даярдоо абзел!

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдөн 238 упай алган Элдияр Чормонов биринчи орунду ээледи. Ал Жалал-Абад облусундагы Курманбек Баатыр атындагы №15 Кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү. Элдияр чынында «Алтын сертификатка» илинем деп ойлогон, бирок өлкө боюнча биринчиликти аларын күткөн эмес.

— Мен Жалпы республикалык тестирлөөгө көп эле убакыт даярдандым. Күнүгө бөлүп койгон убактымды текке кетирбей, бардык тармакта маалымат алганга аракет кылдым. Тесттен өтүү үчүн ириде логоиканы өстүрүү керек. Ошондо жогорку упай алууга мүмкүнчүлүк ачылат. 1 же 2 ай даярданган аздык кылат. Колдон келсе, 1-класстан баштап акыл куржунду толтура берүү туура болот.

«Президент менен сүрөткө түшсөм деген кыялым орундалды», — дейт бүтүрүүчү Бегимай Шайымкулова. Ал  Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алыш үчүн уюлдук телефонду таптакыр өчүрүп, максатты, ойду бир гана китеп окууга багыттаган. Ал аракетинин жемишин таткан Бегимай өзү тургай, бүт жакындары, айрыкча, ата-энеси өзгөчө кубанып жатканын айтып берди.

— Телефонумду таптакыр өчүрдүм. Көп китеп окудум. Мугалимим менен жана жеке өзүм даярдандым. Жемиши жаман болгон жок. 216 упай алып, сүйүнүп жаткан кезим. Келечекте программист болгум келет. Кийинки бүтүрүүчүлөргө кеңешим, эч качан билим алгандан жалкоолонбогула! Жаркын келечек бир гана билимдин артынан болот.

Окуучулардын деңгээли жылдан жылга өсүп баратат. Мындай пикирди билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди. Маселен, быйыл аймактардан 19 бала «Алтын сертификат» алды. Министрдин айтымында, мындай көрсөткүчтүн бирден-бир себеби, мугалимдердин сандан сапатка өтүп жатышында.

— Быйыл 63 миң бала 11-классты бүтүрүп жатат. Анын ичинен 43440 бала Жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. Быйыл жакшы тенденциялар байкалууда. Белгилей кетсем, ЖРТга катышкан балдардын саны өсүп жатат. Босого упай алган окуучулардын саны акыркы 3-4 жылда өстү. Тагыраагы, 2017-жылы 47 % болсо, бүгүнкү күндө 63 %ды түздү.

Белгилей кетсек, быйыл республика боюнча жалпы 63 миң окуучу мектепти аяктады. Анын 52 бүтүрүүчүсү «Алтын сертификатка» ээ болду.  Алар өлкөдөгү көпчүлүк жогорку окуу жайларда акысыз окуй алышат жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларына да жолдомо алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы 59 бүтүрүүчүгө «Алтын сертификат» тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM