Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 457 | 0

Бүгүн, 7-июлда Балыкчы-Каракол унаа жолунун күңгөйү, Бактуу-Долоноту айылынан эки унаа кагышып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн таңкы саат 4:30дар чамасында катталган. Анда «БМВ Х-5»  унаасы менен «Лексус» унаасы кагышып, «Лексус» унаасында бараткан төрт адамдын экөө каза болуп, экөө оор абалда Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Каза болгондордун бири — унаанын айдоочусу.

Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM