Биз менен байланышыңыз

Лукашенконун мурдагы жардамчысы 12 жылга эркинен ажыратылды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 396 | 0

Беларусиянын президенти Александр Лукашенконун мурдагы жардамчысы, Гродно облусу боюнча мурдагы инспектор Сергей Ровнейко 12 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун басма сөз кызматынын өкүлү Анастасия Шильвян билдирди.

Анын айтымында, соттун чечими менен Ровнейко уюштуруу жана башкаруу милдеттерине байланыштуу кызмат орундарын ээлөө укугунан ажыратылган. Ал жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында өтөйт.

Ровнейко 2018-жылы 200 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Беларусиянын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына караганда, Ровнейко бизнес жана соода өкүлдөрүнөн бир нече ирет пара алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM