Биз менен байланышыңыз

Эки адамдын өмүрүн алган кароолчу

Коом | 5 Июл 2019 | 784 | 0

Ысык-Көл облусунун Эңилчек өрөөнүндө жайгашкан «Хан-Теӊири» альп-лагеринде кечээ, 4-июлда адам өлтүрүү фактысы катталды. Анда лагердин кароолчусу директордун орун басарын, дагы бир жумушчуну атып өлтүрүп, Кара тумоого каршы күрөшүү кызматынын адисин барымтага алып, дагы бир жылкычыга жаракат келтирди. 

Ак-Суу районунун Эңилчек өрөөнүндө катталган каргашадан лагердин жетекчисинин орун басары 48 жаштагы Д. А. менен 31 жаштагы Каракол шаарынын тургуну жеринен каза тапты. Маркумдардын сөөгү Каракол шаарына жеткирилип, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганын облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

— АК-Суу РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда ИИМдин орун басары Мирлан Каниметов баштаган атайын топ түзүлүп иликтеп жатат. Азырынча кылмышка шектүү жаран кармала элек. Бул ишке Эчкили-Таш тосотундагы чек арачылар да тартылды.

Кылмышка шектүү катары альп-лагерде кароолчу болуп эмгектенген 29 жаштагы Сергей Смирнов изделүүдө. Анткени, маркумдардан сырткары, дагы бир жылкычыны да өлтүрүүгө аракет кылып, жабырлануучу колуна бычак жеп, качып кутулган. Андан соӊ облустагы Кара тумоого каршы күрөшүү кызматынын адиси барымтага алынып, кайрадан бошотулган. Адистин абалы боюнча анын кесиптештери азырынча маалымат берүүдөн баш тартты.

— Биздин жетекчилигибиз да Сырт өрөөнүнө жөнөп кеткен. Азырынча барымтага алынган кесиптешибиз тууралуу эч кандай маалымат бере албайбыз.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү делген 29 жаштагы Сергей Смирнов ат менен качкан. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында анын өздүгү такталып, Түп районунда төрөлүп, балдар үйүндө тарбия алганы аныкталды. Бирок жергиликтүү балдар үйүнүн жетекчиси Жеӊишгүл Ниязова бул жаран аларга тиешелүү эместигин айтып, ата-энеси жокторду кылмышкер катары карабаш керектигин билдирди.

— Балдар үйүнөн тарбия алып чыккан бардык жарандарды кылмышкер катары эсептөөгө болбойт. Сергей кайсыл жакта тарбия алганын билбейм, бирок илгертен бери биздин колубуздан окууну бүтүп кеткендер медицина, маданият, агартуу тармагында, бажы биримдигинде иштеп жүрүшөт.

Ал арада Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн кызматкери Төлөгөн Үсөнбаев «Хан-Теңири» альп-лагериндеги акыркы окуялар боюнча маалымат бөлүштү. Анын айтымында, директорунун орун басары 3 жыл мурун кызматынан алынган. Себеби, ал 2016-жылы мыйзамсыз аңчылык жүргүзүп, мамлекетке 55 миң сом айып пул төлөгөн. Ал эми кылмышка шектелген кароолчу Түп районунда чоӊойгонун айтып берген.

— Биз «Хан-Теӊири» альп-лагерине акыркы жолу 7-июнда келишимдин аткарылышын текшерип барганыбыз. Ал учурда Сергей кароолчу болуп иштеп жүргөн. Сөзүнө караганда, мурда Түп районунда чоӊоюптур, балдар үйүндө тарбия алыптыр. Муну кыргызча так сүйлөп айтып берген. Мүнөзү токтоо, жакшы жигиттей эле көрүнгөн. Ал эми мыйзамсыз ишинен улам, жетекчинин орун басарына кызматкерлерин сырт өрөөнгө чыгарбоо жана аңчылык кылдырбоо боюнча тыюу салынган. Бирок кандай себептер менен чек арачылардын текшерүүсүнөн өтүп кеткени азыр такталууда.

Белгилей кетсек, «Хан-Теңири» альп-лагери облус борборунан 180 чакырым алыстыкта жайгашып, Эңилчек сырт өрөөнүнөн орун алган. Бул жоопкерчилиги чектелген коом чет элдик аңчылар үчүн атайын мергенчилик кылууга шарттарды түзүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM