Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар» долбоору өлүмдүн санын азайтты

Коом | 5 Июл 2019 | 806 | 0

Бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат жыйын өткөрдү. Анда «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден бери аткарылган иштердин жыйынтыгы, ошондой эле, аталган долбоордун алкагында мерчемделген иш-чаралар тууралуу маалымат беришти.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден тартып, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында жолдо жүрүү маданияты жогорулады. Мындай пикирин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди. Анын айтымында, аталган долбоор ишке кирген аймактарда жол кырсыктарынын саны кескин төмөндөгөн. Ошондой эле, долбоордун алкагында жол эрежесин бузган 261 миң 404 айдоочуга токтом чыгарылып, мамлекеттик казынага 147 миллион сомдон ашык айып пул түшкөн.

— «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден тартып, жол кырсыктары, анын ичинде жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондордун саны кескин азайды. Атап айтсак, Бишкек шаарында жол кырсыгы 3 %га азайган, каза болгондор 38,9 %га төмөндөдү, Чүй облусу боюнча жол кырсыгынын кесепетинен каза болгондор 32,6 %га азайган. Менимче, бул — жакшы көрсөткүч.

«Коопсуз шаар» долбоорунун 2-баскычында республика аймагында 306 стационардык жана көчмө көзөмөл камералары орнотулат», — дейт мекеменин башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов. Мындан тышкары, долбоордун 1-баскычынын жүрүшүндө жол эрежесин бузуулар боюнча айып пул токтомдоруна карата 21 даттануу каралганын билдирди. Анын ичинен үч жарандын даттануусу канааттандырылып, соттун чечими менен 18 токтом өз күчүндө калтырылганын кошумчалады. Ошондой эле, «Коопсуз шаардын» камералары каттаган эреже бузууларды пара алуу жолу менен өчүрүп беришет», — деген сөз чындыкка жатпасын айтып, буларды билдирди:

— Негизинен өчүрүү мүмкүн эмес. Бул жерде үч деңгээлдеги көзөмөл турат. Биринчиден, аппараттык-программалык комплекс — орусиялык «Вега» компаниясынын менчиги. Канча эреже каттоодон өткөнүн өздөрү эсепке алышат. Экинчиден, эреже бузуулар «Инфоком» мамлекетттик ишканасына өткөрүлүп берилет, ал жерде да системага катталат. Андан кийин биздин мониторинг борборубузга жөнөтүлөт. Өчүрүп салганга мүмкүнчүлүк да жок.

«Бул долбоор башталганда, колдогондордун бири — мен болгом. Бирок, үмүтүбүз акталбай, кемчиликтер көп болду. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгына караганда, кайсы бир топтун каржылык кызыкчылыгы көбүрөөк», — дейт жарандык активист Рита Карасартова. Анын айтымында, жол кыймыл эрежеси тартипке келип калгандай көрүнгөнү менен долбоорго жумшалган каржы өтө көлөмдүү, ал эми аткарылган иштер калкты канааттандырбайт.

— Пилоттук долбоор болду деп, Орусияныкын алып келди. Мурунку каталарын карап көрүп, андан кийин баскычтарды ишке ашырыш керек эле да. Шашылыш баштап алышты. Тендерге 82 миллион доллар коюлду. Кыргызстандын ишкерлери буга катыша албайт.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» компенентинин 1-баскычында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймактарында 110 аппараттык-программалык комплекс орнотулган.

Copyright © 2017 Maral FM