Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүн Кудургу айылына жакын жерде өрт чыкты (видео)

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 936 | 0

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Өрүктү жана Кудургу айылынын ортосундагы талаадан өрт чыкты. Бул тууралуу «Марал» радиосунун угарманы кабарлады. Ал окуя боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылып жооп ала алган эмес. Бир топ убакыттан кийин гана реакция болгон.

-Биз бир топ жерге кайрылгандан кийин өрт өчүрүүгө чыгышыптыр. Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, айыл өкмөттөн, токой-чарбасынан, Түп райондук ички иштер бөлүмүнөн, Ананьево айылынан бардык өрт өчүрүү техникалары менен чыгышты. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да өрт боюнча маалымат бере элек. Төмөндө өрт болгон жерден тартылган видео жана сүрөттөрдү көрө аласыз.

Copyright © 2017 Maral FM