Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаардын» көйгөйүн ишеним кат чечеби?

Коом | 5 Июл 2019 | 1002 | 0

Айдоочулар үчүн «убактылуу ишеним кат» киргизүү мерчемделүүдө. Мындай демилгени Ички иштер министрлиги көтөрүп чыкты. Себеби, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айдоочулардан арыздар көп келип жатат. Алардын басымдуусун унааны сатып алган тарап эрежени бузса, айып пул мурунку ээсине барып калып жатканы боюнча даттануулар түзүүдө. Жогоруда айтылган ишеним кат качан ишке кирет? Кандай негизде иш алып барат? Бул суроолордун жообу төмөндө:

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулар үчүн ишеним катты милдеттүү документтердин катарына убактылуу киргизүүнү сунуштап жатат. Себеби, унаасын ишеним кат менен саткан айрым жарандар анын учурдагы ээсин таппай калууда. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев айтып берди.

— «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында, биздин мекемеге бери жагы 20 миңдей адам кайрылды. Себеби, сатып жиберген унаасынын учурдагы мыйзам бузууларынын каттары ал адамга келип жатат. Анткени, саткан адам азыркыга чейин ишеним кат менен эле жүрө берген. Ошон үчүн 4 айга чейин долбоорду кайра киргизип, ушул убакыт аралыгында бардык жарандар унааларын өзүлөрүнө каттатып, иштерди бүтүрүп алышы керек. Бирок бул азырынча сунуш гана. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кайрадан текшерүүгө жиберди. Эгерде өтүп калса, 1-сентябрдан баштап ишке кирет.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова айдоочулар үчүн убактылуу ишеним кат киргизүүнү туура көрбөйт. Ал бул кадамды жөн гана «бюрократия» деп эсептейт. Эгерде «Коопсуз шаар» долбоору боюнча маселелер чыгып жатса, чечүүнүн башка деле жолдору бар экенин айтат.

— Менде деле болгон. 10 жыл мурун унаамды саткам. Бирок жакында эле мага айып пулдун кагазы келди. Көрсө алган адам дале ишеним кат менен жүрүптүр. Бирок мындай маселелер бир гана ишеним каттын негизинде чечилет дегенден алысмын. Башка деле жолдору бар. Сатып алганда сөзсүз каттоодон өтсүн, же чыгып келген айып пулдардын негизинде аларды таап, мыйзамдуу түрдө каттоолордон өткөрсө болот.

Ички Иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн ишеним кат менен жүргөн айдоочулар мыйзам бузса, тапканга оңой болот. Мындай пикирди Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Үсөйүн Касымалиев билдирди. Бирок сунушталып жаткан долбоордо көрсөтүлгөн убакытка чейин гана чечилбей жаткан маселелер чечилиши керек. «Болбосо мурунку системага түшүп, эл нааразы болот», — дейт Касымалиев.

— Учурда көп жарандарыбыз унаанын ээлерин таппай убара тартып келет. Маселен, 5 жыл мурун саткан унаасынын  учурдагы айыптары кайра өздөрүнө келип жатат. Дегеним, сатып алган адам ушул убакытка чейин ишеним кат менен эле айдап жүргөн болот. Ошон үчүн ишеним катты киргизип, аз убакыттын ичинде такталып каттоодон өткөрүлсө, өлкөдө мындай көйгөй чыкпайт болчу.

Айдоочулар үчүн ишеним катты киргизүүнүн кереги барбы? Биз бул суроону шаардын жашоочуларына берип көрдүк.

— Мен каршымын. Бул жөн гана акча табуу да. Ишеним катты жазып берген адамдардын эле чөнтөгүндө калат. Мамлекетке бир да сом түшпөйт.

— Мамлекет каякка гана бараткан жок. Бир карасаң, «түкүрүккө» айып пул салат, сызыктан биртке өтүп кетсең, үйүңө көп өтпөй олчойгон акча чыгып келет. Түшүнбөй калдым.

— Мен колдойм. Ишеним катты берип туруп, 3-4 ай көйгөйлөрдү чечип, унаалардын ээлерин тактап алышыбыз керек.

— Жок, каршымын. 700 сомго убактылуу ишеним кат алгандан көрө, ээсин таап 3000 сомго өзүңө каттатып алсаң, эч көйгөйү жок жүрөсүң.

Эгерде бул долбоор кабыл алынып калса, анда айдоочулар өзүнө катталбаган унааны айдап жүргөн учурда милдеттүү түрдө ишеним катты жанында алып жүрүшү керек болот. Аталаган системаны өлкө ичинде 1-сентябрдан 31-декабрга чейин киргизүү каралган. Жаңы ченем ишке киргенден тарта унааны ишеним кат менен сатып алып, анын мөөнөтү бүтүп калгандар автоунаанын кимге катталганын издеп таап, өздөрүнө каттатышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM