Биз менен байланышыңыз

Эсирген «элитага» Элмирбек төкмө кайрылды (маек, видео)

Билим-маданият | 4 Июл 2019 | 2295 | 0

Өлкөбүздө токтобой келе жаткан саясий тирештер, экономикадагы чабалдык, келечектен кооптонткон тышкы карыздар жана башка ушуга окшогон  түркүн маселелер өнөр адамдарын да түмөн ойго жетелеп, түйшүккө салып келет. Алардын бири төкмөлүк өнөрдүн көч башында келе жаткан, Эл артисти Элмирбек Иманалиев бийлик сересиндегилерге интернет аркылуу «Кайрылуу термесин» жолдоп, сөөктөн өтүп, чучукка жеткидей сын айтты.

Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин баамында, эгемендик алган күндөн бери бийлик бутактарына татыктуу адамдар аз келүүдө. Көпчүлүгү — кызмат абалынан пайдаланып, же мамлекеттин казынасына кол салып, бийликке жетип алып, байлыкка таянып эл башкарам дегендер. Отуз жылга жакын убакыт ичинде өлкөнү сазга батырып, акыркы учурдагы элдин ишеним тебелеген кылык-жоруктары, акынды ачуу сын айтканга аргасыз кылган.

— Эл жогорку баасын берип, акын деп айтып калгандан кийин, элдин сөзүн айтыш милдетиң болот экен. Кыргызстан эгемендик алган жылдары чымыным ойгонуп, өнөр кууп борборго келдим эле. Ошондон бери мен билгенден бир ууч топ жүрөт бийликте. Акыркы жылдары өтө эле кур намыстын кулуна айланып, биринен-бири өч алуу саясаты менен алектенип калышты.

Кубулма жүздүү куу саясатчылардын эл алдына сүйлөгөн сөзү менен кылган иши дал келбей, теңирден тескери болгону элди ирээнжитти. Айрыкча, эл эсебинен байыган шылуундардын, караңгыда чыракты айланган шайтан көпөлөктөй  бийлик үчүн чарк урганы, паракорлугу эл көңүлүн суутту.

— Кыргызстанда саясий акыбал ушундай болуп калды. Кыргыздын мүнөзүнө, менталитетине жат адатты сиңиришүүдө. Сиңирип эле тим болбой, ошол системанын арты менен жемкорлукка көнүп, а түгүл өсүп келе жаткан жаштарды да ошого көндүрүштү. Бир сөз менен айтканда, эл жакшылары элге үлгү болгон жок.

«Мамлекеттин кайсы тармагын алба, таааныш-билиштик, «пулуң болсо — кулуңмун» деген ураан менен ураалап кетип баратканы үмүтсүздүккө жетелейт», — дейт төкмө акын. Мындан улам, өлкө үчүн жаңы муун, улутка кызмат кылган ыңгайлуу башкаруу системасын табуу ар бир жарандын көкөйүндө турганын айтып, буга чейин да чындык үчүн ырдаганын, мындан ары да айтаары али алдыда экенин билдирди.

— Эл азыр да алданып, арсар үмүттө турат. Кайрылуумда: «Булардын эч кимисине ишенбегиле», — дедим. Булардын кандай экенин, эмне иш кылгандарын эл көрүп бүттү. Бардыгы чегине жетти, ишеним толук калган жок. Айта турган учур келди, чындыгында, айтаарым көп, муну менен токтобойм.

Copyright © 2017 Maral FM