Биз менен байланышыңыз

Эртең Салянованын баш коргоо чарасы каралат

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 529 | 0

Эртең, 5-июль саат 10.00дө Бишкек шаардык сотунда мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынан билдиришти.

21-июнда Биринчи Май райондук соту мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, анын камак мөөнөтүн 26-августка чейин узартуу чечимин кабыл алган.

Белгилей кетсек, Аида Салянова 2013-жылы «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулганы боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 3-июнда камакка алынган. 15-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигинин «дарыланууга муктаж» деген сунуштамасы менен ооруканага жаткырылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM