Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн каржылоосу дыйкандардын 97 %ына жетпейт

Экономика | 4 Июл 2019 | 806 | 0

Өлкөдө «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 7 жылдан бери иштеп келет. Анын негизинде буга чейин 5 миллард сомдон ашык акча бөлүнгөн. Долбоордун негизги максаты дыйкандарга жеңилдиктерди түзүү аркылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат. Бирок фермерлердин айрымдары бул жөн гана куру сөз дешет. Фермер Манас Саматов ушул убакытка чейин бул долбоордун алкагында насыя ала элек. Себеби, процесси өтө татаал.

— Ушул убакытка чейин насыя ала элекмин. Биринчиден, процесс татаал. Экинчиден, «Айыл банктын» шарты бизге туура келбейт. Үчүнчүдөн, ала турган техникаңды өзүң тандабайсың, алар өздөрү сунуштайт. Фермердин тандоо укугу болушу керек да. Алардын сунуштаганы мага жакпайт, акчасы да, сапаты да.

Чындыгында бөлүнгөн каражатты бардык дыйкандарга жеткирүү мүмкүн эместигин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев айтат. Ошондуктан, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда сунуштагандай, каржынын көлөмүн көбөйтүү керектигин белгилейт.

— Бөлүнгөн сумма дыйкандардын баарына жетпейт. Өлкө аймагы боюнча 380 миңден ашуун дыйкан-фермер бар. Бөлүнгөн каражат болгону 14 миңдин тегерегиндеги дыйканды эле каржылоого араң жетип жатат. Мен ойлойм, ушул каражаттын көлөмүн көтөрүү менен гана дыйкандардын нааразычылыгын баса алабыз. Буга чейин Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда ушул сумманы 20 миллиард сомго жеткириш керек деп айтып чыккан.

Долбоордун алкагында насыя берген банктардын бири — «Айыл банк». Аталган банктын насыялоо башкармалыгынын филиалдарды насыялык коштоо бөлүмүнүн башчысы Нурзада Сапарбаеванын берген маалыматына таянсак, алардын кредиттик портфелинин 60 %га жакынын айыл чарба багытына бөлүнгөн насыялар түзөт. 2019-жылдын 1-июлуна карата алынган маалыматка ылайык, жалпы өздүк жана өкмөттөн бөлүнгөн каражаттын негизинде 4 миллиард сомдон ашык сумма насыяга берилген. Ал эми өкмөттөн бөлүнгөн 1,5 миллард сомдун 1 миллард 426 миллион сомун 2401 дыйкан алган.

— 2019-жылдын 1-июлуна алынган маалымат боюнча, айыл чарба багытына 4 миллиард сомдон ашык каражат насыяга  берилди. Дыйкандарга жетпей калды деген каражат өкмөттөн бөлүнгөн. Аны кезек менен алып жатышат. Кезеги жетпей калгандар кийинки жылы ала алышат. Андан тышкары, банктын өзүнүн каражатынан да берилип жатат. Бирок анын пайызы 16, ал эми кайра иштетүүгө 14 % менен берилүүдө.

Маалыматка ылайык, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында эң төмөнкү 6 % менен кайра иштетүүгө, 8 % менен багбанчылыкка, 10 % менен дыйканчылыктын башка түрлөрүнө жана мал чарбалыгына насыя берилет.

Copyright © 2017 Maral FM