Connect with us

Министр Кудайбердиеванын «таянган тоосу бийикпи»?

Билим-маданият | 4 Июл 2019 | 909 | 0

Окуучуларга арналган окуу китептериндеги каталарга айтылган сындар арбын. Ага кошумча, окуу каражаттарынын жетишпестиги өзгөчө башталгыч класстын ата-энелерин түйшүккө салып келет. Депутаттар маселени Жогорку Кеңештин жыйынында талкуулап, а түгүл Билим берүү жана илим министринин кызматтан кетүүсүн талап кылгандар да болгон. Көйгөй четинен чечилип келе жатканда, быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн туура эмес жазылган аттестаты кайрадан талкуу жаратты. 

Окуучулардын окуу китебинин туура эмес басып чыгарылышы, андагы одоно каталар буга чейин социалдык түйүндөрдө талкууга алынып келген. Билим берүү жана илим министринин дарегине айтылган сындар жаңы гана басаңдап келе жатканда, бүтүрүүчүлөрдүн ката жазылган аттестатты кайрадан күчөтүп ийди көрүнөт. Министр эчак эле кызматынан кетиши керек эле, таң калыштуусу азыркыга чейин ордунда. Артында таянган адамы болгон үчүн бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатат. Мындай пикирди «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов билдирди. Ал министрдин буга чейин мугалимдерди мыйзамсыз жумуштан алганын айтып, буларга токтолду:

— Баарыбызга белгилүү, Кудайбердиева буга чейин 3000 мугалимди жумуштан алганы бар. Эмнеге деген суроолорго: «Билим берүү багытынын сапатын жакшыртуу», — деп жооп берди эле. Кана жыйынтыгы? Эмне болду? Тескерисинче, артка кетти. Көп эле иштери парламентте талкууга түшүп келет. Бирок дагы деле кызматында отурат. Демек, артында бирөө бар. Башка кесиптештери кызматынан кетти, бирок бул кете элек. Ошондон эле жыйынтык чыгарсак болот да.

Кечээ 4-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Билим берүү жана илим министринин жасап жаткан иштерине ыраазы экенин билдирип, «Отставкага кетишине эч кандай негиз деле жок», — деди

— Министрдин кемчиликтери болсо, Өкмөткө сунуштайбыз. Кемчиликтерди депутаттар эскертип турабыз. Билим берүү жана илим министринин жакшы иштери бар. Бишкектеги мектептерге электрондук кезек менен кабыл алуу ыкмасын киргизди. Мен муну жеке өзүм текшерип көрдүм. Бул мектеп директорлоруна байланышкан коррупцияга бөгөт боло алды. Ошондой эле, алыскы айылдарда интернет маселеси чечилип, жылыштар байкалып жатат.

Быйыл окуу китептеринде эч кандай ката кетпейт, учурда тыкыр текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин басма сөз катчысы Марина Греченая кабарлады.

— Аттестаттан кеткен катага биздин тиешебиз жок. Техникалык ката кеткен. Бардыгы текшерилип берилген. Ал эми китептер туурасында айтсак, былтыр ката басылып чыккан китептерди кайрадан текшерип жатышат. Ал эми быйылкы жылга арналган окуу китептеринен каталар табылбаш үчүн атайын адисттер иш алып барууда. Азырынча эч кандай мүчүлүштүктөр байкалбай эле.

«Аттестаттан кеткен катага бир гана Билим берүү жана илим министри жооптуу эмес», — дейт билим берүү боюнча серепчи Догдургүл Кендирбаева. Ошол эле учурда, предметтик китептерде бир да ката чыкпашы керек экенин айтат. Анткени, өлкөнүн сабатсыздыгынын бирден бир себеби, дал ушул туура эмес басылып чыккан окуу каражаттарынан болуп жатканын белгилейт.

-Аттестаттан ката кетирбеш керек. Кенедей туура эмес кадамдан канчалаган балдар окуу жайга тапшыра албай калып жатышат. Убаракерчилик жөн эле. Ал эми китеп туурасында айтсам, бул суроодо эч ким бири-бирине шылтаганга акысы жок. Анткени, өлкөнүн сабатсыздыгы дал ушундай кадамдардан башталат. Билим берүү жана илим министрин отставкага кетирүүнү коомчулук чечет. Себеби, ар бир кадам азыр элдин элегинен кетип өтүп калган.

Эскерте кетсек, быйыл Нарын облусунун Кочкор районунда 10 аттестаттан ката табылган.  Мындай көрүнүш биринчи гана жолу эмес, тамгалардан кеткен каталар буга чейин да катталган болчу.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 61 миң аттестат 11-класстын  бүтүрүүчүлөрү үчүн даярдалса, ал эми  98 миң күбөлүктү 9-класстын окуучулары алышты. Аталган документтерди «Учкун» ачык акционердик коому басып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM