Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев чет элдик жаранды сабаган адамды тезинен табуу боюнча тапшырма берди

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 449 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарынын борборунда Нигерия жаранын сабаган күнөөлүүнү чукул арада табуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, чуулуу окуяга тиешеси бар күнөөлүүнү тез арада кармоого оперативдүү иш-чараларды жүргүзүлүшү керек жана ал мыйзам жоопкерчилигине тартууга тийиш. Муну менен катар, туристтик сезондун башталышында коомдук жайларда тартипти, коопсуздукту сактоо максатында Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде туристтик милициянын ишин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан сырткары, жабыр тарткан жарандын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Саламаттыкты сактоо министрлигине буйруду.

Белгилей кетсек, бүгүн социалдык тармактарда «Айчүрөк» соода борборунун жанынан чет элдик жарандын сабалганы боюнча видео тараган.

Copyright © 2017 Maral FM