Биз менен байланышыңыз

Колорадо коңузун жок кылуу үчүн Алтын көз энтомофагын колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүлдү

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 526 | 0

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында айыл чарба тармагын биологиялаштыруу аркылуу өнүктүрүү шарттарды түзүү максатында 10 га картошкадагы Колорадо коңузун жок кылуу үчүн Алтын көз энтомофагын колдонуу боюнча эксперименттерди жүргүздү. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эксперименттердин жыйынтыктары боюнча, Колорадо коңузунун жумурткаларын жана 1-курактагы личинкаларын жок кылууда Алтын көздүн эффективдүүлүгү 65-75% жогору болору байкалды.

 

Copyright © 2017 Maral FM