Биз менен байланышыңыз

Чүйдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 269 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө 15-ноябрда саат 18:20да катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональное, Нурманбет, Туз, айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM