Биз менен байланышыңыз

Социалдык кызматкерлерге кесиптик стресстин кесепеттерин жоюу боюнча тренинг өтүп жатат

Кыска кабар | 20 мая 2019 | 488 | 0

31-майга чейин Кыргызстандын Социалдык кызматкерлер ассоциациясы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети менен биргеликте Чүй облусу жана Бишкек шаарындагы Социалдык өнүгүү башкармалыктарынын жана Социалдык-реабилитациялоо борборлорунун кызматкерлери үчүн стресстин алдын алуу боюнча психологиялык тренингдерди өткөрөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тренингдерге катышуу социалдык мекемелердин кызматкерлеринин эмоционалдык туруктуулук жана психологиялык көйгөйлөргө туруштук берүүгө даярдык деңгээлин жогорулатууга жардам берет. Ошондой эле, кесиптеги чарчоого кабылбаш үчүн эффективдүү пикир алышуу көндүмдөрүн калыптандырат. 

Биринчи тренинг Чүй облусунун Москва райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгында социалдык кызматкерлердин катышуусунда өттү.

Copyright © 2017 Maral FM