Биз менен байланышыңыз

Президент Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушууда

Кыска кабар | 6 Фев 2020 | 518 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда, Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жагымдуу инвестициялык климат түзүү менен бизнести, айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн салык жагынан колдоо боюнча абдан көп иштер аткарылганын белгиледи.

Ошондой эле кээ бир калкка кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдарды автоматташтыруу, бажы жана салык органдарынын ишин санариптештирүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, курулуш жана ветеринардык-фитосанитардык лабораторияларды өнүктүрүү механизмдери менен административдик жолтоолорду азайтуу багытында бир катар иштер аткарылганы тууралуу айтып берди.

2024-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарында калкты таза суу менен камсыздоо маселеси чечилип, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана модернизациялоо ишке ашырыларын эске салды.

Мамлекет башчысы ошондой артыкчылыктуу багыттардын ичинде жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, өлкөнүн экспорттук дараметин көтөрүү, энергетика, медицина, билим берүү, калкты социалдык жактан коргоо боюнча иштерди белгиледи.

Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу «суроо-жооп» форматында уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM