Биз менен байланышыңыз

Көкөмеренге түшүп кеткен унаадагы адамдарды издөө уланууда

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 483 | 0

Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен унаадагы адамдарды издөө иши бүгүн да уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине 110 куткаруучу тартылды. Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министри Мирзахмедовдун атайын тапшырмасынын негизинде координациялоо иштерин жүргүзүү үчүн министрдин орун басары, полковник Калыс Ахматов Суусамыр өрөөнүнө жөнөп кетти.

Белгилей кетсек, кечээ кечинде Жумгал районундагы Арал айылына жакын жерден унаанын айдоочусунун жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM