Биз менен байланышыңыз

Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен эки адамдын сөөгү табылды

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 795 | 0

Унаасы менен Көкөмерен дарыясына түшүп кетти делип изделип жаткан жарандардын экөөнүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен унаанын ичиндеги адамдарды издөө учурунда саат 17:20да Жумгал районундагы Арал айылынын тушунан унаанын айдоочусунун жана 20:00дө аталган айылдан 12 чакырым алысыраак жерден 1960-жылы туулган А. М. аттуу эркек адамдын сөөгү табылган.

Учурда табылган жарандардын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери токтотулганын, калган жарандарды издөө эртең улантыларын билдирди.

Белгилей кетсек, 30-июнда Жайыл районунда өтүп жаткан Кожомкул Каба уулунун 130 жылдык мааракесине бараткан унаа Көкөмерен дарыясына түшүп кеткени боюнча маалымат Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнө ошол күнү саат 10:00дө келип түшкөн. Болжол менен унаанын ичинде 5 адам болгону айтылган. Мунун негизинде, издөө иштерине 100дөн ашуун адам тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM