Биз менен байланышыңыз

Өспүрүмдөрдү азгырган уу заттар

Коом | 2 Июл 2019 | 1962 | 0

Учурда өспүрүмдөр арасында спирт ичимдиктерин ичүү жана тамеки чегүү азайганын адистер айтып келишет. Бирок, курамында уу заттар бар турмуш-тиричиликке колдонулуучу клей, бензин сыяктуу заттарды жыттаган өспүрүмдөрдүн көбөйгөнү тынчсыздандырат. Аталган маселеде кандай жагдайлар бар жана эмне иштер аткарылып жатат? Бул боюнча иликтөө төмөндөгү материалда.

Өспүрүмдөр ар кандай уу заттарды колдонуу аркылуу жеке жашоосундагы кездешкен көйгөйлөрдөн убактылуу болсо да кутулгусу келет. Мындай пикирди Наркология борборунун медициналык-психологиялык жардам жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборунун жетекчиси Ирина Алымкулова билдирип, алар турмуш-тиричиликке колдонулуучу, курамында токсикалык заттар бар клей, бензин, ар кандай химиялык аралашмаларды жыттоо аркылуу аң-сезимине өзгөрүү жасаганга аракет кылышарын айтат. Бул өспүрүмдөрдүн психикалык жана физологиялык саламаттыгына өтө терс таасир берерин белгиледи.

— Курамында уу заттар бар тиричиликке керектелүүчү заттарды каалаган жерден арзан баада сатып алса болот. Айрыкча клейди өспүрүмдөр арзыбаган акчага алат. Мындай заттарды сатууга тыюу салган мыйзамдар жок. Ата-энесинин жетишерлик көңүл бурбаганы буга кошул-ташыл болуп, уу заттарды колдонуп, ырахат алууга өспүрүмдөр тез эле азгырылат.

«Өспүрүм куракта уу заттарды жыттоонун негизги үч себеби бар», — дейт «Данакер» үй-бүлөнү бекемдөө борборунун психологу Перизат Асылбаева. Алардын биринчиси, үйдөгү чыр-чатак; экинчиси, ата-энесинен же жакындарынан алыс калып, өзүн моралдык жактан жалгыз сезгендер; ал эми үчүнчү топтогулар өткөөл курактагылар, тагыраагы, өзүн чоң адам сезгиси келгендер.

— Өспүрүмдөргө күнүгө тарбия керек. Күнүгө кечинде үй-бүлө тамакка чогулганда өспүрүмдүн баалуулуктарын кызыгып сураш керек. Ар кандай маселени уруш-талаш эмес, түшүндүрүү менен чечүү керек. Бир эле күн кароосуз калтырса, ал ар кандай терс көрунүштөргө азгырылып кетиши мүмкүн.

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр инспекциясынын бөлүм башчысы Нуржан Адылованын билдиришинче, аталган маселеде тийиштүү министрликтер менен биргеликте иш алып барып жатышат. Өспүрүмдөрдүн уу заттарды колдонгону тууралуу республикада жыйырмага жакын факты катталган. Алар каттоого алынып, ата-энеси жана айлана-чөйрөсүндөгү адамдар менен биргеликте тыгыз көзөмөлгө алынганын, ошондой эле, алдын алуу иш-чаралары атайын программанын негизинде болуп турарын билдирди:

— Өлкө боюнча мындай көрүнүштөр аз. Бирок, ошентсе да жакшы көрүнүш эмес. Биз жер-жерлерде ата-энелер, мугалимдер жана участкалык инспекторлор менен биргеликте ар кандай жолдор менен иштеп жатабыз.

Белгилей кетсек, өлкөдө жашы 18ге толо электердин саны 2 миллион 300гө чамалап, калктын 37 пайызын түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM