Биз менен байланышыңыз

Милиция: Соцтармактарда чагымчылдык кылгандар жазага тартылышат

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 701 | 0

Милиция социалдык тармактарда чагымчылдык кылгандар жазага тартыларын эскертүүдө.

Жалал-Абад милициясынан кабарлагандай, кечээ облус аймагында улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Акыркы убактарда өлкө аймагында facebook жана whatsapp аркылуу белгисиз атуулдар тарабынан аймактар аралык жаңжалды козутуу максатын көздөгөн аудио жазуулар таратылганына байланыштуу Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы дин кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Алар Жалал-Абад облусунун шаар жана райондорундагы жума намазы окулган жана жамааты көп мечиттерде айтылуучу баян учурунда жергиликтүү тургундарга бул багыттагы маалыматтарды жеткиришти. Элди аймактарга, түндүк-түштүк болуп бөлүнбөй, улуттар аралык мамилени чыңдап жана башка ар кандай чагымчыл күчтөргө алданбай, чагымчылыкка алдырбоого чакырышууда.

Ошондой эле, улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн атуулдар, ар кандай чагымчыл видеолорду таратышып, өлкө аймагында туруксуздукту көздөгөндөр Өлкөнүн Жазык кодексинин беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертишти.

Copyright © 2017 Maral FM