Биз менен байланышыңыз

Трамп иммигранттар үчүн 4,6 млрд доллар бөлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 458 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Америка-Мексика чек арасындагы иммигранттар маселесин чечүү үчүн 4,6 миллиард доллар бөлүү мыйзамына кол койду. Бул тууралуу Associated Press агенттиги маалымдады.

«Бул көйгөй биздин иммиграциялык мыйзамдын начардыгынан келип чыккан», — дейт Трамп.

Агенттиктин маалыматына караганда, мыйзам чыгаруучулар мигрант маселеси үчүн көбүрөк каражат бөлөт деп үммүттөнгөн. Мигранттарга жардам берүүнү такыр токтотуу боюнча сөз болгон соң, аталган суммага макул болушкан.

Ошондой эле, Трамп мыйзамсыз мигранттарды кара тизмеге киргизүүнү улантарын белгилеген. 4-июлдан соң аларды мекенине кайтаруу иштери башталарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM