Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев туура эмес коюлган жол белгилерин алмаштыруу тапшырмасын берди

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 1282 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында айдоочуларды нааразы кылган техникалык кемчиликтерге байланыштуу маселелер талкууланды. Мындан улам, Өкмөт башчы тез арада туура эмес коюлган жол белгилерин алмаштыруу, кырдаалга күнөөлүү кызматкерлерди жоопко тартуу тапшырмасын берди. Мындан сырткары, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча жасалып жаткан иштер каралды.

Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастанбек Догоев 27-июнда тендерге арыз кабыл алуу башталганын билдирип, долбоордун экинчи этабында аппараттык-программалык 306 түйүн: 266 стационардык жана 40 көчүп жүрүүчү комплекс ишке кирерин маалымдады.

Белгилей кетсек, буга чейин укук коргоочу Акин Токталиев менен журналист Бейшенбек Бекешев даярдаган жол белгилеринин туура эмес орнотулушу боюнча көрсөтүү коомчулукта катуу талкууга алынган.

Copyright © 2017 Maral FM