Биз менен байланышыңыз

Москвада кыргыз баатыры тууралуу кино көрсөтүлдү

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 549 | 0

Кечээ, 30-июнда Москва шаарынын Борбордук кино үйүндө Кыргызстандын «Kaganat film» компаниясы тарабынан тартылган режиссёр Абдыш Айылчиевдин «Бийиктик-144.0» даректүү-көркөм тасмасынын бет ачары болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова бүгүн билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма Орусияда жыл сайын белгиленип келген 1-июль — Аскер ардагерлеринин күнүнө карата көргөзүлдү. Анда Улуу Ата Мекендик согушка Сузак районунан аттанып, Советтер Союзунун баатыры наамын алган Тукубай Тайгараевдин жана анын майдандаштарынын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери тууралуу баяндалган.

Тасманын бет ачарына Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери, Москвадагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Тукубай Тайгараевдин жердештери катышты.

Белгилей кетсек, тасма Орусиянын Москва жана Ульяновск облустарынын, Башкыртстан жана Чувашия өлкөлөрүнүн аймактарында тартылган. Тартуу иштерине Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги көмөк көрсөткөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM