Биз менен байланышыңыз

Жыйымдар аз, бирок өкмөт мугалимдердин айлыгын көтөргүсү келет

Билим-маданият | 1 Июл 2019 | 811 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн айда Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алып, анда министр 2019-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлө турганын айткан эле. Ошол эле учурда, бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдары боюнча артта калуу бар экенин белгилеген. Мындан улам, серепчилер: «Айлык акынын көтөрүлүшү реалдуубу же элди алаксытуунун жолубу?» — деген суроону коюшууда. Анткени, жаңы окуу жылдын башынан мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт делгени менен ал каражат кайсы булактан эсептелери белгисиз бойдон калган. Биздин сурамжылоого катышкан шаар тургундарынын көпчүлүгү: «Бул — элди алаксытуунун жолу» деп ойлошот, ал эми айрымдары бара-бара айлыктын көбөйөрүнөн үмүт кылышат.

— Айтып коюшат, бирок аткарган киши жок.

— Көтөрүп коюшса болмок, бирок көзүм жетпейт.

— Бул жөн эле шайлоо алдындагы аракеттери. Буга чейин депутаттар деле шайлоо алдында укмуш убада беришип, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн эмнелерди гана кылышкан эмес.

— Министрлик айлык акы көтөрүлөт деп жатса, демек көтөрүлөт. Жакшылыктан үмүт кылыш керек.

Экономист Кубан Чороев мугалимдердин айлык акысы башка чыгымдарды кыскартуу жолу менен ишке ашарын айтат. Анткени, социалдык тармак приоритеттүү багыт. Ошондуктан, салыктардын көлөмү өспөй же жыйымдар толбой калса, өкмөт башка жактан кыскартууга барышы мүмкүн.

— Мугалимдердин айлыктары социалдык тармакка кете турган чыгымдар бюджеттин корголуучу беренелерине кирет. Бул тармак приоритеттүү багыт. Ошондуктан, салыктар көбөйбөсө да, башка жакка пландалган каражаттар ушул багытка которулушу мүмкүн. Мындай тажрыйба мурда да колдонулуп келген.

Маалым болгондой, өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришерден мурда берген убадаларынын бири — мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акысын көтөрүү болгон. Жылдын башында Сокулук районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда да муну баса белгилеп өткөн. Андан кийин эле президент жана премьер-министрдин тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлүп, айлыкты көтөрүү боюнча иштер аткарылмак. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековага кайрылганыбызда, бүгүнкү күндө бул маселесинин үстүндө иштеп жаткандарын билдирди.

— Азыркы тапта атайын топ иштеп жатат. Эсептеп көрүп, сунуштардын баары каралышы керек. Жаңы окуу жылынан айлыкты көтөрүү боюнча аракеттер болуп жатат.

Салыктык жана бажылык жыйымдардан артта калуу өкмөт үчүн оорчулуктарды алып келерин эл өкүлү Марлен Маматалиев белгилейт. Артта калууга карабай, айлыкты көтөрүү дефициттин көбөйүшүнө себеп болот же башка булактарды кыскартууга алып келет. Анткени, айлыктын көтөрүлүшү буга чейинки планда бекитилген эмес.

— Негизи мурда айлыктын көбөйүүсү планда бекитилген эмес. Ошондуктан, муну ишке ашыруунун эки жолу бар: биринчиси, дефицитти көбөйтүү аркылуу; экинчиси, башка булактардан кыскартууга баруу. Ал эми айлыктын көтөрүлүшү боюнча айтсак, бул ар бир президент бийликке келерден мурда айткан убадасын аткарууга болгон аракети дей алам. Аны аткаруу үчүн ушул эки жол бар.

Айрым серепчилердин баамында, мугалим менен дарыгердин айлыгын көтөрүү — ар бир шайлоонун алдында кайталанчу сценарий. Эл өкүлү Исхак Масалиев ошондуктан, шайлоо алдында айлыктарды көтөрүүнү тыюу салууну да демилгелеп чыккан. Депутаттын пикиринде, шайлоо алдында айлык көтөрүү Аскар Акаевдин учурунан баштап, азыркыга чейин болуп келет. Мындан улам, айлыкты көтөрүү кандайдыр бир убакка байланбай, стабилдүү көрүнүш болушу керек экенин айтат.

— Бул катардагы иш болушу керек. Жыл сайын 200 сом болобу, 100 сом болобу, туруктуу болуп турган иш болушу зарыл. Айлыктын көтөрүлүшүнүн шайлоого тиешеси болбошу керек. Чын-чынына келгенде мындай тажрыйба Аскар Акаевдин учурунан бери кайталанып келе жатат. Негизи айлыкты өкмөт бюджетке, казынага карата көтөрөт да. А бизде «убаданы берген киши, саясатчы кылды» деп мактап калышат. Мындай болбош керек.

Расмий маалыматтарга ылайык, мугалимдердин орточо айлык акысы 13 миң сомдун тегерегинде. Ал эми жаш мугалимдер 8 миң сом алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM