Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Куткаруучулардын кесиптик майрамы

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 586 | 0

Бүгүн, 1-июль — Куткаруучулардын кесиптик майрамы. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов майрамга байланыштуу аталган кесиптин ээлерине куттуктоо жолдоду.

Министр куттуктоосунда бул күндүн маани-маңызына токтолуп, куткаруучулардын эрдиктерин санап өткөн.

«Бүгүнкү күн өзүнүн маанилүүлүгү менен башка майрамдардан айырмаланып турат. Куткаруучулардын күнү – бул адамдарды урандылардын алдынан сууруп чыккан, жалындап күйгөн өрттү аралап адам өмүрүн аман алып калган же кокусунан тереңдикке түшүп кеткен, сууга чөгүп жаткан адамды куткарган, жардамга муктаж адамдарды жонуна көтөрүп чыккан, өз өмүрүн тобокелге салуу менен башкалардын өмүрүн сактаган баатырлардын күнү болуп саналат», — дейт министр.

Ошондой эле, куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, ишине ийгилик каалаган.

Белгилей кетсек, аталган кызматтын түзүлгөнүнө быйыл 28 болду.

Copyright © 2017 Maral FM