Биз менен байланышыңыз

Сын жараткан сапар: Ким чен Ын менен Трамптын жолугушуусу

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 646 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу маалымат булактарынын сынына кабылды. Американын CNN телеканалы: «Бул жолугушуу элде талкуу жаратып, камеранын алдында жакшы көрүнүү үчүн шылтоо болду», — деген таризде чагылдырган. Алардын айтымында, Трамп Түндүк Корея лидерине аябай көңүл буруп, аны менен сүрөткө түшүүнүн эле айласын издеп тургандай.

Ошондой эле, мындан башка да маалымат каражаттары эки тараптын жолугушуусун «көргөзмө» катары баалашууда.

The Los Angeles Times басылмасы: «Трамп жолугушууну тарыхый деп атады, бирок иш жүзүндө белгилей турган эч кандай өзгөрүү болгон жок», — деп жазган. Ал эми «Россия 24» каналы The New York Times агенттигинин «сүйлөшүү натыйжасыз өттү, жакын арада бир өзгөрүү болорун байкоо мүмкүн эмес» деген билдирүүсүн чагылдырган.

Кошумчалай кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кечээ, 30-июнда Корея жарым аралын экиге бөлгөн аскердик демаркация чегинде биринчи жолу кол алышып учурашты. Трамптын бул сапары Америка президенттери арасынан Түндүк Кореянын демаркация сызыгынан өткөн алгачкы президент болду.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын алгачкы жолугушуусу 2018-жылы 12-июнда Сингапурда болгон. Экинчи жолугушуу 2019-жылы февралдын аягында Ханойдо өтүп, сүйлөшүүлөрдүн соңу жыйынтыктуу аяктаган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM