Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө өтүп жаткан юристтердин форуму жыйынтыкталды

Кыска кабар | 30 Июн 2019 | 572 | 0

Бүгүн, 30-июнда юристтердин VII эл аралык форуму өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Юридикалык академиянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-июндан бери Ысык-Көлдөгү «Дельфин» спорттук-ден соолукту чыңдоо лагеринин жыйындар залында өтүп жаткан «Укук, коомдук маалымат жана коопсуздук» аталышындагы 3 күндүк форумга Кыргызстандан Жогорку Кеңештин депутаттары, юристтери, юридика мугалимдери, ошондой эле Орусия жана Казакстандан белгилүү юрист окумуштуулар катышты.

Форумда укук маселесине байланышкан орчундуу темалардын айланасында талкуулар орун алып, тажрыйба алмашуулар болду.

Мындан тышкары, экологиялык коопсуздук, жеке маалыматтарды коргоо, өспүрүмдөрдү интернеттеги зыяндуу маалыматтардан коргоо, эркин маалымат мейкиндиги, Кыргызстандагы кибер коопсуздук концепциясынын укуктук аспектилери сыяктуу бир катар маселелер каралды.

Copyright © 2017 Maral FM